Жаңылыктар
БУУ Баткенде жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
 БУУ Баткенде жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди

Бириккен улуттар уюму Баткенде жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Нью-Йорктогу Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева менен БУУнун башкы катчысынын саясий иштер жана тынчтыкты куруу боюнча орун басары Розмари Дикарло менен жолугушуусунда белгилүү болду. 

Анда Миргүл Молдоисаева чек ара аймактарындагы кырдаал боюнча маалымат берип, үйлөрү өрттөнүп, талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү суранды. Розмари Дикарло БУУнун чыр-чатактан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле БУУ системасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана агенттиктери аркылуу эвакуацияланган тургундарга жардам көрсөтүү маселелерин кароого даярдыгын билдирди.