Жаңылыктар
Көчмөндөр оюну: 4000 милиция коомдук тартипке көз салат
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөр оюну: 4000 милиция коомдук тартипке көз салат

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы катышуучулардын  коомдук тартибин  сактоого 4000 чукул күч органдарынын кызматкерлери тартылат. Ошондой эле жол эрежелери  сакталып тыгындар болбошу үчүн патрулдук милиция кызматкерлери да тынымсыз иш алып барууга даяр деп маалымдашты Ички иштер министрлигинен.

Жалпы коомчулук күткөн дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун болушуна саналуу гана убакыт калды. Бул масштабдуу иш-чараны өткөрүүгө өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кызуу даярдык көрүп жатышат. Дүйнөнүн ар тарабынан келген коноктордун  жана жергиликтүү калктын коопсуздугу сакталышы үчүн ички иштер министрлиги алдына ала  атайын  ыкчам  иш-чараларды өткөрүп жатат дейт Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысынын башчысы Бакыт Сейитов.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам! WhatsApp +996551748118