Жаңылыктар
Башкы прокуратура: тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланат
Чек ара
Башкы прокуратура: тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланат

Тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди. Бул агрессия БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын уставын, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү макулдашууну, Алматы декларациясын, КМШга мүчө-мамлекеттердин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек араларынын кол тийгистиги жөнүндөгү Москва декларациясын, ошондой эле, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимдин талаптарын бузуу менен жасалганы белгиленди. 

Маалыматка ылайык, Тажикстан тараптан башталган аскердик аракеттерге алардын аскерлери, жалданган куралдуу адамдары жана бандиттик түзүмдөрү катышкан. Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш айылдарында көптөгөн автоматтык, ири калибрдеги куралдардын гильзалары, фугастар жана миналар, жарылбаган снаряддар, авиациялык ракеталар алынып, Тажикстандын куралдуу күчтөрү тарабынан казылган траншеялар, тосмолор жана башка тургузулган аскердик курулмалар табылды. Жогорудагы фактылар боюнча Башкы прокуратура 29-апрелде кылмыш ишин козгогон. 

Ошондой эле Башкы прокуратура Кыргызстандын аскерлери коргонуу, жарандарды коргоо, Кыргызстандын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоо максатында гана ок атуучу курал колдонулганын маалымдады. Бирок кыргыз тараптан Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салуу болгон эмес.