Чек ара чатагы боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Анда Тажикстандын аскерлери эки өлкөнүн ортосунда 2004-жылы түзүлгөн коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында кол салышканы айтылат.
Миномёт жана аскердик тик учактарды колдонуу менен Кыргызстандын калктуу конуштарын жана аймактарын басып алышкан. Куралдуу кол салуунун кесепетинен аскер кызматкерлери, жөнөкөй жарандар каза болуп, Кыргызстандын жарандык жана аскер объектилери талкаланып зыянга учураган. Тажикстандын аскер кызматкерлеринин бул аракеттери Кыргызстандын бүтүндүгү менен көз карандысыздыгына карата алдын ала пландаштырылган жалаа менен агрессия экенин айгинелейт.
Алардын аракетинде пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, аны таңылоо, эл аралык келишимдер менен бүтүмдөрдү бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат. Буга байланыштуу кылмыш иши козголду. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөөнү жүргүзүү жагы УКМКнын, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырылды.