Жаңылыктар
Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандардын абалы
Чек ара
Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандардын абалы

Азыркы тапта Баткен окуясынан жабыркаган 59 жаран Бишкекте дарыланууда. Алардын абалы туруктуу. Ал эми Баткендеги аймактык ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптарды ар кайсы жактан барган 80ден ашык дарыгер карап жатат. 

Учурда медициналык керектүү жабдыктар жана дары-дармектер жетиштүү. Кечээ Баткенге республикалык штабдан 25 тонна гуманитардык жардам кетти. 4 күндө 120 тонна жүк жеткирилди. Алардын баарын муктаж болгондорго жеткирүү боюнча Баткен облусунда атайын комиссия иштеп, жардамдарды муктаж айылдарга жөнөтүүдө.