Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт

Президент Садыр Жапаров эртең, 5-майда, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт.

Иш-чарага  мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү - Жогорку Кеңеш депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн Өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда. Иш-чара Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт. Башталышы саат 10:00дө.