Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын мурдагы вице-президенти Бердибек Матисаков 79 жаш курагында дүйгө салды.
Матисаковдун телевидениедеги сапары 1980-жылдан башталат. Ал жөнөкөй редактордон баштап программалар боюнча директорлукка чейинки эмгек жолун баскан. Көп жылдар бою КТРКнын Социалдык-экономикалык көрсөтүүлөр редакциясын жетектеген. Бердибек агайдын окуучулары, Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алган убакта КТРКнын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон, - дешет. Ал чыгарган бир катар теледолбоорлор убагында чоң ийгилик жараткан. 1999-жылы Бердибек Матисаков КТРКнын вице-президенти болуп дайындалып, андан соң Ош-3000 телеканалынын башкы директору кызматында беш жылдан ашык үзүрлүү эмгектенген. Ал телеканалдын материалдык-техникалык базасын чыңдап, кесипкөй адистер менен камсыздаган.
Анын жетекчилиги астында алгачкы жолу Ош телевидениесинде телекөрсөтүүлөр фонду уюштурулуп, азыркыга чейин иштеп келет. Бердибек Матисаков 1942-жылы Ош шаарында туулган. Улуттук университеттин кыргыз тили жана филология факультетин аяктаган. Коомдук телерадиоберүүлөр корпорациясынын жамааты Бердибек Матисаковдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.