Жаңылыктар
Баткенде талкаланган жана өрттөлгөн турак жайлар, объектилер калыбына келтирилет
Чек ара
Баткенде талкаланган жана өрттөлгөн турак жайлар, объектилер калыбына келтирилет

Баткенде чек арада жана тилкедеги талкаланган жана өрттөлгөн турак жайларды жана башка объектилерди калыбына келтирүү үчүн 700 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусунда жапа чеккендер менен болгон жолугушууда билдирди. 

Учурда келтирилген зыянды эсептөө боюнча комиссия иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын-ала эсеби боюнча жүз отузга жакын турак жай, мамлекеттик мекемелердин имараттары, социалдык объектилер, дүкөн, соода жайлары, май куюучу жайлар жараксыз абалга келген.

Учурда негизги көңүл талкаланып, өрттөлгөн объектилерди калыбына келтирүү жумуштарына бурулууда. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде орун алган куралдуу кол салуудан кийин жүз отузга жакын турак үй талкаланган. Анын кесепетинен жергиликтүү тургундар убактылуу баш калкалоочу жайда турууга аргасыз. Өкмөт башчы Максат, Арка-1, Арка-2, Жака-Өрүк, Маргун менен Сада айылдарында жергиликтүү эл менен баарлашып, көйгөйлөрүн угуп, күйүп кеткен турак жайларды көрдү.