Баткенге республикалык кайрымдуулук штабы аркылуу жана жер-жерлерден түз жеткирилген гуманитардык жүктөрдүн көлөмү миң тоннага жетти. Жолдо дагы бир нече жүк ташуучу унаалар баратат. Куралдуу кол салуудан жабыркаган жарандарга жалпы эл кайдыгер караган жок. Ар кандай жардамдар берилүүдө.
Спорт ордосунда жайгашкан “Баткенге жардам” республикалык кайрымдуулук штабына кайрылгандар аз эмес. Азык-түлүк, кийим-кече, керектүү каражаттарды алып келип, айрымдар акчалай көмөк көрсөтүүдө. Кол салууга кабылган Баткен облусундагы аянычтуу көрүнүш элдин ынтымагын сынады. Алыскы аймак жардамга муктаж экенин балдар да туюп-сезди.
Жардам берүүгө дилгир жарандар көп болгондуктан, кайрымдуулук штабы аркылуу ар күн сайын жүк ташуучу унаалар Баткенге жөнөтүлүүдө. Республикалык штаб аркылуу жана жер-жерлерден түз жеткирилген гуманитардык жүктөр миң тоннага жетти. Баткенде уюшулган кампаларга чейин аны Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көзөмөлдөп, жергиликтүү бийликке өткөрүп берет.
Баткенде жергиликтүү бийлик тарабынан гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлгөн. Аларга ыктыярчылар көмөк көрсөтүүдө.