Жаңылыктар
Жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү
Чек ара
Жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү

Баткенде чек ара чыры тажик тараптан пландалып, атайын чагым уюштурулганын бир катар адистер билдирүүдө. Бирок, Кыргызстан жабыркаган айылдарды калыбына келтирүүдө тажик тараптан жардам сурабайт. Анткени, турак жай жана социалдык мекемелерди кыска аралыкта куруп бүтүрүү керек. 

Ал эми коңшу өлкөгө доо коюлуп, келтирилген чыгым өндүрүлгөнчө убакыт өтөт, анын үстүнө УКМКнын төрагасы жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда тажик тарап өз айыбын сезип, зыянды толтуруу сунушун берсе гана ал маселер караларын билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тажик тараптын аскердик агрессиясы катары бааланып жаткандыктан, эмне үчүн келтирилген чыгым өндүрүлбөйт деген суроолор жаралууда. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда, биз Тажикстандан кандайдыр бир каражат суранбайбыз, өз күчүбүз менен маселени чечебиз деп так кесе жооп берди.

Ошол эле учурда, тажик тарап дагы үйлөрү өрттөнүп, материалдык чыгым келгенин айтып Кыргызстанды айыптоодо. Бирок, биринчилерден болуп курал колдогон коңшу өлкө аскерлери болгон. Адистер тажик тарап бардык эл аралык жана эки тараптуу тынчтык келишимин бузганын тастыктоодо.