Жаңылыктар
Президент эртең, Жаңы Конституцияга кол коюп, кыргыз элине кайрылуу жасайт
Саясат
Президент эртең, Жаңы Конституцияга кол коюп, кыргыз элине кайрылуу жасайт

11-апрелде өткөн жалпы элдик добуш берүүдө референдумга катышкан жарандардын дээрлик сексен пайызынын колдоосуна ээ болгон жаңы Конституцияга эртең президент кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт. Жаңы баш мыйзамдын кабыл алынышы өлкөнүн саясий турмушунда бурулуш катары каралып, калың эл өнүгүүгө, кайра жаралууга үмүт артууда. 

Эртең бешинчи май өлкөнүн баш мыйзамы кабыл алынган тарыхый күн. 1993-жылдын дал ушул датасында эгемендик алган республиканын алгачкы Конституциясы кабыл алынган. Белгилүү болгондой өлкөбүз жакында дагы бир тарыхый бурулушту башынан өткөрүп, өлкөнүн негизги мыйзамы калың эл тарабынан кайрадан кабыл алынды.

Жаңы мыйзамды иштеп чыгуу демилгеси өткөн жылдын ноябрь айында башталган. Атайын конституциялык кеңешме түзүлүп, өлкөнүн негизги мыйзамы болчу документтин долбоору окумуштуу, укукчулардын элегинен өтүп, анан калың элдин сынына жана добушуна коюлду. Бул процесс конституциялык реформанын биринчи баскычы болсо, алдыда экинчи этап турганын адистер белгилейт.

Конституциялык реформанын экинчи этабын ишке ашыруу үчүн улуттук кеңеш түзүлүшү керек экендигин жаңы баш мыйзамды электен өткөргөн конституциялык кеңешменин төрагасы белгилейт.