Жаңылыктар
Баткенде жаракат алган жарандардын көбүнүн абалы канаттандыраарлык
Чек ара
Баткенде жаракат алган жарандардын көбүнүн абалы канаттандыраарлык

Баткенде куралдуу кагылышта мекен чегинде туруп, жаракат алган жарандардын көбүнүн абалы канаттандыраарлык. Бирок өтө оор абалдагы бейтаптар да бар. Улуттук хирургия борборуна Баткен облустук ооруканасынан оор абалда келип түшкөн бейтаптардын саламаттыгы, академик Мамбет Мамакеев башында турган дарыгерлердин өзгөчө көзөмөлүндө. 

Минометтун майда сыныгы чачырап жаракат алган Нурислам Ибраимов 19 жашта. Ал сентябрдан бери Баткен районуна караштуу Карчыгай аймагынын чек арасында кызмат өтөп жаткан. Жаш аскер каргашалуу окуя күнү “Головной” суу бөлүштүрүү аймагындагы тоонун үстүндө болчу. Айтымында, жаңжал саат экилер чамасында башталып, бир саатка жетпей жаракат алган. Учурда ага операция жасалып, акыбалы ортодон жогору.

Нурислам ата-энесинин көкүрөк күчүгү. Мекенди коргойм деп кетип, уулунун каргашалуу окуяга кабалышы эне үчүн - оор жана чоң кайгы дейт, - күйүткө баткан Айчүрөк Кыдыралиева. Азыр ата-эне баласынын тезирээк сакайып кетишин тилегенден башка аргасы жок.

Ал эми Алымбек Иманов жаңжал башталганын угуп жанында чогуу иштеген кесиптешинин Көк-Таштагы үй-бүлөсүн коопсуз жайга көчүрүүгө жардам берүүгө барып, ойдо жок жерден жаракат алган. Минометтун калдыгы буту менен көкүрөк тушуна тийип, түнкү саат бирде Баткенден Бишкекке жөнөтүлгөн. Азыр операция жасалып, абалы канаттандырарлык.