Жаңылыктар
БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча расмий жыйынтыкты чыгарды
Шайлоо 2023
БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча расмий жыйынтыкты чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча расмий жыйынтыкты чыгарып, жарыялады. Арасынын референдум боюнча 21 шайлоо тилкедеги добуштар мыйзамга каршы келгендиктен жокко чыгарылды. 

Калган шайлоо тилкелеринде добуш берүүнүн жыйынтыгы менен добуштар аныкталды. Шайлоочулардын 80%га жакыны референдумду колдогондуктан, расмий жыйынтык кабыл алынып, гезитке жарыяланды. 

Ал эми жергиликтүү кеңештер боюнча 3 шаардык кеңештин жыйынтыгы чыга элек. Ал эми Токмок шаары боюнча чечимдер жокко чыгарылып ал жакта кайрадан шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынды. 

Бишкек шаарында болсо айрым соттук иштер жүргүзүлүүдө. Жумушчу топтордун кароосунда иштер уланууда. Калган жыйынтыгы чыккан аймактар боюнча жакынкы күндөрү шайланган депутаттарга ырастама жана төш белгилер тапшырылат.