УКМК Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май ташылып жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Буга чейин социалдык тармактар аркылуу атайын унаалар чек арага жакын жерде өтүп жатканы көрсөтүлгөн видеолор таркап, ал контрабанда экени айтылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тасмадагы унаалар калган күйүүчү майды алып кетүү үчүн өрттөлгөн май куючу жайларга барганын билдирүүдө.
Аткезчиликтин алдын алуу үчүн 3 тилкеде мобилдик посттор орнотулган. Анда салык кызматынын өкүлдөрү жана коопсуздук кызматкерлери иш алып барууда. Май куючу жайга чейин жана кайра кайтып келаткан унааларды салыкчылар коштоп, көзөмөлгө алганы айтылды.