Жаңылыктар
Тоо-кен өнөр жайында өзгөрүүлөр болушу мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Тоо-кен өнөр жайында өзгөрүүлөр болушу мүмкүн

Тоо-кен өнөр жайчылар ассоциациясы кендерди иштетүү үчүн лицензия берүү системасын түп тамырынан бери өзгөртүүнү, башкаруунун жаңы системасын иштеп чыгууну сунушташууда. Акыркы жылдары тоо-кен өнөр жайынын инвестициялык жагымдуулугунун рейтинги түшүп кеткен,  буга тармакты түшүнбөгөн адистердин башкарып жаткандыгы себеп болууда дейт тоо-кенчилер. Деген менен Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги тоо-кен тармагындагы коррупцияга бөгөт коюу үчүн лицензия берүүнүн тартибин өзгөртүп, кен иштетүүгө уруксат берүүдө алгач ачыктык камсыз кылынгандыгын белгилейт.