Жаңылыктар
Өмүрбек Субаналиев ээлеген кызматынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүрбек Субаналиев ээлеген кызматынан бошотулду

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматка ылайык, Суваналиевдин кызматтан кетүүсү башка кызматка которулуусуна байланыштуу. 

Ал бул кызматка ушул жылдын февраль айында келген. Анын ордуна Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абдикарим Алимбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.