Жаңылыктар
Улукбек Марипов курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

Бизнестин жана мамлекеттин биригүүсү бардык тоскоолдуктарды женип чыгууга көмөк берет. Бул тууралуу Премьер-министр Улукбек Марипов курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусунда билдирди. 

Анын айтымында, Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардын учурунда жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди калыбына келтирүү, шилендилерди тазалоо ишине киришти. Ал үчүн бюджеттен калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүндү. 

Анын басымдуу бөлүгү, атап айтканда 500 млн сому социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө жана жабыркаган айылдарга алып баруучу жолдорду курууга багытталат. Калган 200 млн сому талкаланган турак жайларды курууга жумшалат. Курулуш компаниялардын жана башка бизнес тармактардын өкүлдөрү Баткен облусунун инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. 

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жакын арада аймакка барып, бизнес тараптан конкреттүү кандай мүнөздөгү жана көлөмдөгү жардам керектелерин жеринде аныктоо чечими кабыл алынды.