Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Конституциясына кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Конституциясына кол койду

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде референдумда кабыл алынган Кыргызстандын Конституциясына кол койду. 

Ошондой эле Мамлекет башчысы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамга кол койду. 

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. Эскерте кетсек, 11-апрелде жаңы Конституция боюнча жалпы элдик добуш берүү өтүп, анда шайлоочулардын 79%дан ашыгы колдогон.