Жаңылыктар
Баш мыйзамга кол коюу иш-чарасында, чек арада курман болгондор эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баш мыйзамга кол коюу иш-чарасында, чек арада курман болгондор эскерилди

Кыргызстандын Баш мыйзамына кол коюу иш-чарасында мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкө элине кайрылуу жасап, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялар учурунда курман болгондор бир мүнөт аза күтүү менен эскерилди. 

Президент кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи. 

Ал тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлгөндүгүн билдирип, бул окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтты. 

"Мен талкаланган айылдарды тез арада калыбына келтирүүнү баштоо боюнча тапшырма бердим. Жапа чеккен жарандарга мамлекет тарабынан толук колдоо көрсөтүлөт. Эң кыска мөөнөттө жабыркаган калктуу конуштардагы жарандарыбыздын жашоосун калыбына келтирүү жана нормалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт", - деди Президент Садыр Жапаров.