Жаңылыктар
Президент бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарт түзүлөрүн айтты
Экономика
Президент бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарт түзүлөрүн айтты

Бизнес тармагын себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди. Ал бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарт түзүлөрүн айтты. 

Президент 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы салык кодекси, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиле турганын белгиледи. “Бизнестин сот системасынын калыстыгына, адилеттүүлүгүнө жана объективдүүлүгүнө ишениши маанилүү. 

Пландалып жаткан соттук реформанын алкагында жеке менчик укугун коргоо күчөтүлөт жана Третей сот институту өнүктүрүлөт”, - деди Садыр Жапаров.