Коомдук телерадиокорпорациясын реформалоо керек. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.
Анын айтымында, ал үчүн сырттан маалыматтык технологияларды алып келүү аркылуу телерадио корпорацияны Кыргызстанды тааныта турган глобалдык медиа-долбоорго айландырса болот.
“Кыргызды дүйнөгө тааныткан акындык, төкмөлүк, манасчылык институттарын, мындан сырткары, улуттук көркөм өнөрдү, кыргыз адабияты менен киносун колдоого алып, өнүктүрүү зарыл”, - деди Президент.
Анын айтымында, кыргыз дүйнөсүн сактап калууда кыргыз тилинин орду өзгөчө. Өлкө башчысы белгилегендей, мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы мамлекеттик саясаттын милдеттүү элементи болуп саналат. “Кыргыз тили Кыргызстан элинин бардык өкүлдөрү үчүн интеграциянын жана коммуникациянын инструменти болууга тийиш”, - деди ал.