Жаңылыктар
Франциянын президенти Франсуа Олланд Кыргызстанга келүүгө кызыкдар
Саясат
Франциянын президенти Франсуа Олланд Кыргызстанга келүүгө кызыкдар

Франциянын президенти Франсуа Олланд Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Кечээ жакында Кыргызстандын Франциядагы элчиси Асеин Исаев өлкө президенти Франсуа Олландга ишеним грамотасын тапшырды. 

Салтанаттуу иш-чара аталган өлкөнүн мамлекет башчысынын резиденциясында өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Франсуа Олланд Кыргызстанды демократиялык жактан үлгү алчу өлкө экенин белгилеп, эки тараптуу саясий байланыштардын жандануусуна канааттанганын айтты.

Кыргызстандын элчиси Франция президентине, 2016-жыл Кыргызстанда - Тарых жана маданият жылы деп жарыяланганын, 1916-жылдагы улуттук боштондук үчүн болгон күрөш - Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленерин айтып, сентябрь айында өтө турган дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна ардактуу мейман катары келип, конок болуп кетүүгө чакырды. 

Жыйынтыгында Франсуа Олланд Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүү ниети бар экендигин бекемдеди.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118