Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абдикарим Алимбаев дайындалды. Анын орун басары болуп Абдирашит Ташбалтаев келди. Ал буга чейин Лейлек районунда акимдин орун басары кызматын аркалаган.
Ал эми Лейлек районунун акими болуп Алмазбек Рахманкулов, Баткен районунун акими кызматына Учкунбек Жоробаев жана Кадамжай районунун акими болуп Кутбидин Шакиров дайындалды. Буга чейин Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кеткен. Ал эми анын орун басары Эрлан Сапарбаев өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Жаңы дайындалган өкмөт өкүлү Абдикарим Алимбаев учурда Баткен облусунун аймагында дагы деле кырдаал толук кандуу туруктуу эмес экендигин белгилеп, район акимдерин күч түзүмдөрү менен тыгыз иштешүүгө чакырды. Мындан сырткары элдин көйгөйүн кечиктирбестен жеринде чечүү анын эң биринчи койгон талабы экенин айтты.