Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпи дээрлик 9%га төмөндөдү. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.
Президент былтыр мамлекет үчүн абдан оор жыл болгонун белгиледи. “Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бюджеттин дефицити мурдагы жылдарга караганда 3 эсеге өсүп, ИДПга карата 3%ды түздү. Ал эми жыл соңуна карата тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга карата 58%ды түзүп, эң эле опурталдуу чекке жетти, - деди мамлекет башчысы.