Жаңылыктар
Ажылык сапарга даярдыктар
Кыргызстан жаңылыктары
Ажылык сапарга даярдыктар

Ажылыкты уюштуруу боюнча аткарыла турган бардык жумуштар аягына чыгып калгандыгы тууралуу бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов билдирди. Анын айтымында, ажылардын билими атайын теориялык жана практикалык сыноолордон өткөрүлгөн.

Ошондой эле, эмдөө иштери дагы ийгиликтүү жүргүзүлүп, каттоо иштери дагы электрондук ыкма менен өткөрүлгөн. Зыяратчыларга ажылык сапар маалында жеке коопсуздук эрежелери дагы окутулуп, Меккеде өзүн алып жүрүү эрежелери жана кандай жол менен тебелендиге кабылбоо жөнүндө сабактар өткөрүлгөн.

Быйылкы жылы ажылыкка барууга Кыргызстанга 3 685 орун берилген. Эске салсак, Бишкектен зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге 16-августта аттанат, Оштон 20-августта жолго чыгат. Туура бир айдан соң 17-сентябрдан тартып, зыяратчылар Кыргызстанга кайта баштайт. Ажылык сапар акысы 2600 доллар деп белгиленген.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118