Президент Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы соода структурасын сапаттуу өзгөртүүнү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну камсыздоо керектигин айтты. Тышкы соода операцияларын жүргүзүү бизнес үчүн ыңгайлуу, тез жана жөнөкөй болот.
Ошондой эле транспорттук-логистикалык интеграцияны камсыз кылуу, ата мекендик продукцияны сыртка чыгарууда көйгөйлөрдү чечүү маанилүү. Республика аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол тутумунун жоктугунан өлкөнүн транзиттик дарамети өнүкпөй жатат. Андыктан "Бир алкак - бир жол" долбоорунун алкагында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашырууну тездетебиз, - деди Президент.