Жаңылыктар
Төкмө акын, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев эскерилди
Маданият
Төкмө акын, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев эскерилди

Төкмө акын, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев эскерилди. Ал көзү тирүү болгондо бүгүн 90 жашка чыкмак. Залкарды эскерүү зыйнатына анын жакындары, шакирттери жана маданият ишмерлери катышты.

Залкарды эскерүү үчүн маданият ишмерлери анын күмбөзүнө келишти. Төкмөлүк өнөрдүн алпы 16 жыл мурда дал ушул “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилген.

Эстебес Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо 5-майда 90 жашка чыкмак. Комузун колунан түшүрбөй, эл аралап, чыгармачылыкта талыкпай эмгектенип, жалпы журттун сый урматына арзыган. Анын сейрек өзгөчөлүктөрү дагы бир жолу эскерилди. 

Турсуналиевдин акындык жөндөмү, чыгармачылыгындагы башкаларга окшобогон өзгөчөлүгү менен бирге анын адамдык бийик сапаттары да замандаштары тарабынан эскерилип келатат. Ал маданият чөйрөсүндө бийик абройго ээ эле.

Эстебес акын Алымкул Үсөнбаев, Карамолдо Орозов, Атай Огонбаев, Калык Акиев, Ысмайыл Борончиев сыяктуу залкар төкмөлөр менен комузчулардан таалим алып, өзү да бир топ шакирттерди өстүргөн.

Эстебес Турсуналиев кыргызда гана эмес, боордош элдерде да бийик атакка ээ болгон. Коңшу өлкө анын талантына жогору баа берип, Казакстандын эл артисти наамын ыйгарган. Быйыл да анын 90 жылдыгына карата эскерүү иш-чалары түрк тилдүү өлкөлөрдө өткөрүлгөнү турат.