Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде өткөн жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган Кыргызстандын Конституциясына кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө өлкөнү өнүктүрүүнүн бир канча багыттарына токтолуп, мындан аркы кадамдар, экономикадан тарта өлкө бет алган саясий багыт тууралуу сөз кылды.
Маселен, өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн беш кадамы, каатчылыкка каршы чаралар, ички жана тышкы саясат, конституциялык реформанын мындан аркы баскычтарын белгиледи.