Жаңылыктар
Ак халатчандардын айлыгы канчага көбөйдү?
Кыргызстан жаңылыктары
Ак халатчандардын айлыгы канчага көбөйдү?

Президент кайрылуусунда саламаттык сактоо тармагындагы реформага да токтолду. Алардын бири дарыгерлердин базалык түрдө эмгек акысынын жогорулашы тууралуу. Ушул айдан баштап үй-бүлөлүк дарыгерлер көбөйгөн маяналарын ала баштайт.

Дарыгерлердин айлыгы көп жылдан бери 5 миң сомдун айланасындагы базалык эмгек акыдан түзүлөт. Ага эмгек тажрыйбасы, даражасы, оор шартта эмгектенгени жана башка бөлүмдөр кошулат. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы апрель айынан тарта 100 пайызга жогорулады. Бул 20 миң сомдук айлык 40 миң сомго айланды дегенге жатпайт. Буга чейин дарыгерлердин ишин атайын баалоо аркылуу каражат берүү ыкмасы жоюлган. Эми базалык эмгек акы 2 эсеге айланып адаттагыдай эмгек тажрыйбасы үчүн калган учурлар эсептелет.