Жаңылыктар
Жаңы дайындоолор. Министрлер кабинетине Улукбек Марипов төрагалык кылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы дайындоолор. Министрлер кабинетине Улукбек Марипов төрагалык кылат

Президент кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Улукбек Марипов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер Кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. 

Ошондой эле Садыр Жапаров Артём Новиковду Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Улукбек Кармышаковду Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри кылып дайындоо жарлыгына кол койду. 

Андан тышкары Жылдыз Бакашова Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Азамат Дыйканбаев Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.