Жаңылыктар
Чек арадагы жаңжалдан улам жоголгон кыймылсыз мүлктөрдүн документтери калыбына келтирилет
Чек ара
Чек арадагы жаңжалдан улам жоголгон кыймылсыз мүлктөрдүн документтери калыбына келтирилет

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам кыймылсыз мүлккө документтерин жоготкон жарандарга жардам берет. 

Муну ишке ашыруу үчүн "Кадастр" мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмдөрүнө окуялардан жапа чеккен кыймылсыз мүлк объектилерин тактоо тапшырылды. Анын жыйынтыгы менен жабыр тарткан жеке үйлөрдүн ээлерине кыймылсыз мүлккө укукту белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтерди акысыз берет. 

Ошондой эле Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акыларын которуу чечими кабыл алынды.