Жаңылыктар
ИИМ: 6-майга карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу
Чек ара
ИИМ: 6-майга карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу

Бүгүн, 6-майына карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө. Чек арага чектеш аймактагы коопсуздукту милиция менен бирге, ички аскерлер менен башка күч түзүмдөрү көзөмөлдөөдө. 

Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында жеринде 48 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана бул аймакка тартылган ИИОнун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.