Жаңылыктар
Кыргызстандын расмий туристтик сайты иштей баштады
Туризм
Кыргызстандын расмий туристтик сайты иштей баштады

Эми discoverkyrgyzstan.org деген дарек аркылуу Кыргызстан тууралуу маалыматтарды тапса болот. Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун айтымында баракчадан “Бул өлкө эмнеси менен кызыктуу"” деген көпчүлүк туристтердин суроосуна жооп бар.

 

Албетте бул Кыргызстандын тоолору, суулары, Ысык-Көл, Улуу Жибек жолу, “Манас” эпосу, көчмөндөр маданияты, меймандостук, тамак аш жана башка маалыматтар, - дейт Жаманкулов. Бул жерде баардык туристтик маршруттар, эс алуучу жайлар, туризмдин кандай түрлөрү менен алектенсе болот деген жана башка көптөгөн маалыматтар камтылган. 

Сайт 6 тилде жасалып, 5 миңден ашуун фото жана видео материалдар жүктөлгөн. Бүгүндөн тарта “Кыргызстан” деген сөздү тергенде эле бул сайтка шилтеме чыгат дейт, Жаманкулов.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118