Жаңылыктар
10-май – иш күнү, анткени август айында жарандар 4 күн катары эс алышат
Кыргызстан жаңылыктары
10-май – иш күнү, анткени август айында жарандар 4 күн катары эс алышат

9-май майрам күнү жекшембиге туура келгендиктен, мыйзамга жараша, дем алыш күнү майрам күндөн кийинки жумуш күнүнө которулат. 

Бирок дем алыш жана жумушчу күн эсептелбеген майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 10-май дем алыш күнүн башка күнгө – 30-августка которуу чечимин кабыл алды. 

Тактап айтканда, 10-май (дүйшөмбү) иш күнү деп жарыяланды, ал эми августта Кыргыз Республикасынын жарандары 4 күн катар: 28, 29-август (ишемби жана жекшемби), 30-августта (дүйшөмбү) 10-майдын эсебинен жана 31-августта (шейшемби) Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү эс алышат.