Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-апрель айларында 29 млрд. 781 млн. сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 106,9 %га аткарылды же 1 млрд. 923,7 млн. сомго ашыгы менен жыйналды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 4 айына салыштырмалуу салыктар 7 млрд. 864,6 млн. сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 135,9 %ды түздү. Ошол эле учурда, республикалык бюджетке 23 млрд. 641,2 млн. сом салык жыйналды, план 105,6 % га аткарылды же 1 млрд. 261,2 млн. сомго көп чогултулду. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 6 млрд. 421 млн. сомго өстү (өсүү темпи 137,3 %).
Жергиликтүү бюджетке 6 млрд. 140,4 млн. сом салык түштү, план 112,1 %га аткарылды же 662,2 млн. сомго ашыгы менен жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 443,6 млн. сомго көп жыйналды (өсүү темпи 130,7 %).