Бишкектеги №4 ооруканада дарыланып жаткан кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуудан жаракат алган ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын жана милиция кызматкерлеринин акыбалы алган жараттарына жараша ар кандай бааланууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
ИИМ жетекчилиги дарыгерлер менен маектешип, дарыланып жаткан кызматкерлердин жана жарандардын ден соолугунун акыбалын сурады. Андан сырткары, баарлашуу учурунда дарыланып жаткан милиция кызматкерлери жана аскер кызматчылары аталган окуяны көздөрүнө жаш алуу менен эскеришип, Ата мекенин коргоо үчүн өз өмүрлөрүн жумшоого ар дайым даяр экендигин баса белгилешти. Каргашалуу окуяда жаракат алган Баткен ОИИБдин ЭММКАКтын кызматкери Адилет Атамалиев учурда оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ооруканада оор абалда жаткан милиция кызматкеринин ата-энеси менен анын кесиптештери жолугуп, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүшүүдө.
Өз кезегинде милиционердин ата-энеси көңүл буруп, материалдык колдоо көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылыгын билдиришип, өлкөбүздө ар дайым тынчтык, бейпилдик өкүм сүрүшүн каалашты. Беймарал сүйлөшүү учурунда жаракат алган кызматкерлерге ар тараптан колдоо көрсөтүү өлкөнүн жетекчилигинин көзөмөлүндө экендиги айтылды. Ошондой эле, мекенин коргоодо эрдик көрсөткөндүктөрү үчүн кызматкерлерге ички иштер министрлигинин атынан ыраазычылыктар айтылып, тез арада сакайып кетүүлөрүнө тилектештигин билдиришти. Жаракат алган бардык кызматкерлерге азык-түлүк продуктулары дагы тапшырылды. Азыркы учурда жаракат алган кызматкерлер зарыл болгон бардык медициналык жардамдарды алууда.