Жаңылыктар
УКМКнын чек ара кызматы россиялык укук коргоочу Валентина Чупиктин айткандарын четке какты
Кыргызстан жаңылыктары
УКМКнын чек ара кызматы россиялык укук коргоочу Валентина Чупиктин айткандарын четке какты

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы россиялык укук коргоочу Валентина Чупиктин айткандарын четке какты. 

Буга чейин россиялык укук коргоочу интернетте видеокайрылуу жасап, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттор аркылуу башка мамлекеттерге учуп жаткан тажикстандыктар кодуланып жатканын билдирген. Алардын документи себепсиз текшерилип, чек арачылар басмырлап жатканын айткан. Чек ара кызматы Чупиктин билдирүүсү чындыкка дал келбейт, - деп билдирди. Себеби жүргүнчүлөрдү Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүдө жарандыгына, улутуна, расалык жана этностук өзгөчөлүгүнө бөлбөй, жалпы тартипте ишке ашырылат. 

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам өткөрүү пункттары аркылуу каттоо убактылуу токтотулган. Мындай шартта Кыргызстандагы аэропорттор аркылуу келип жаткан тажикстандыктарга үйлөрүнө жетүү үчүн эки шарт каралган. Биринчиси, тажик жараны Өзбекстандын чек арасына жеткирилет, андан ары мекенине кетет. Экинчиси, кыргыз-тажик чек арасындагы “Бордөбө” жана “Карамык” өткөрүү пункттарына жеткирилип, андан ары үйлөрүнө кетишет. Бул эки багыт боюнча кыргыз тарап автобустарды уюштурган. Чек ара кызматы аэропорттордо тажикстандыктарга укуктарын бузбаган абалда кызмат көрсөтүлүп жатканын айтып, укук коргоочу Валентина Чупикке аймакта чыр козутууну көздөгөн адамдар туура эмес маалымат бергенин белгилейт.