Жаңылыктар
Президент Ысык-Көлдөгү жол курулуштарынын жүрүшү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Ысык-Көлдөгү жол курулуштарынын жүрүшү менен таанышты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ысык-Көл областына иш сапарынын алкагында Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. 

Автожолдун 47-чакырымындагы оңдоо иштери менен таанышуу учурунда транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров мамлекет башчысына республикалык бюджеттен каржыланган долбоор боюнча оңдолуп жаткан жолдун узундугу 104 чакырымды түзөөрүн маалымдады. 

Президент Алмазбек Атамбаев Транспорт жана жолдор министрлигине оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү үчүн бул автожолду реконструкциялоонун жүрүшүн бекем көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ошондой эле Балыкчы шаарынын Абдрахманов атындагы көчөсүн капиталдык оңдоонун жүрүшү менен таанышты. Таанышуу учурунда транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров мамлекет башчысына жолду капиталдык ремонттоого бюджеттен 160 миллион сом бөлүнгөнү тууралуу маалымат берди. Оңдолгон соң бул төрт тилкелүү автожолдун узундугу 18 метр болот. 

Бардык оңдоо иштерин быйыл август айынын соңуна чейин бүткөрүү мерчемделүүдө. Президент Балыкчы шаарынын жашоочулары үчүн бул башкы автожолдун маанилүү экенин белгилеп, бардык оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118