Жаңылыктар
Мамкурулуш агенттиги 2021 жылдын 4 айдын ичинде 667 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарын берди
Кыргызстан жаңылыктары
Мамкурулуш агенттиги 2021 жылдын 4 айдын ичинде 667 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарын берди

Мамкурулуш агенттиктин жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 4 айдын ичинде курулуш тармагынын адистери үчүн 667 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарын берди.

Регионалдык мааниси боюнча эң көп сертификаттарын Бишкек шаары боюнча – 388, Чүй – 46, Ош – 86, Жалал-Абад – 43, Ысык-Көл – 59, Нарын – 20, Талас – 19 жана Баткен боюнча адистер – 6 сертификат алышты.

Бардык иштин түрлөрү боюнча долбоорчуларга–200, излдѳѳчүлѳргѳ – 22, инжиниринг кызматы боюнча адистерге – 174, курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистерге – 14, жана курулуш-монтаждоо иштери адистерге боюнча – 257квалификациялык сертификаттары берилген.

Белгилей кетсек, 53 адистерге компетентсиздикке байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган, биринчи жолу 364 адиске берилип жана квалификациялык сертификаттардын колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 303 адиске узартылган.