Жаңылыктар
Барак Обама - Хиллари Клинтонду колдоду
Дүйнө
Барак Обама - Хиллари Клинтонду колдоду

Американын президенти Барак Обама АКШлыктарды Хиллари Клинтонду шайлоого чакырды. Ал Клинтон мамлекеттик катчы кезинде АКШ коопсуздугу үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алып, мол тажрыйба топтогонун айтты.

 




“Жада калса кризис күчөп турганда да ал адамдарды угуп, баарына урмат менен мамиле жасайт. Терең ойлонуп, салкын кандуулук менен иш алпарат. Бул мен билген, мен урматтаган Хиллари Клинтон. Ошондуктан, АКШ тарыхындагы президенттикке талапкерлер арасында аялы болобу, эркеги болобу, мынчалык компетенттүү адам болгон эмес деп ишенимдүү айта алам”, - дейт Барак Обама. 

АКШдагы президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.