Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел, Достук, Дөбө айылдарында Ош облусунун Кара-Суу районунун милициясынын көчмө кабылдамасы иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы күндө аталган аймактарга милициянын кайгуул күзөттөрү уюштурулуп, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо күнү-түнү иш алып барууда. Таджик тараптан атылган снаряддардын кээ бир жарылбай калган жерлерин коопсуздандыруу максатында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин алып барышууда.
Бүгүнкү күндө аталган аймакта абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Эске салсак, 29-30-апрель күндөрү чек арада жайгашкан Кызыл-Бел, Достук айылдарында тажик тараптан оор техникалык октор атылып, ондогон үйлөр талкаланып, өрттөлүп кеткен.