Ысык-Көл облусу боюнча учурда он төрт айылда таза суу тутумунда курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми жыйырма айылда долбоорлоо иштери республикалык жана Дүйнөлүк банктын эсебинен жүргүзүлүүдө. Быйылкы жылы жаз алды менен мурда эң көйгөйлүү болуп келген үч айылда таза суу элге жетти.