Жаңылыктар
Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликтердин тегереги көрктөндүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликтердин тегереги көрктөндүрүлдү

Талас облусунда Улуу Жеңиштин 76 жылдыгын утурлай, бул күндү даңазалаган эстеликтерди жаңылап, тегерек-четин иретке келтирип, көрктөндүрүү иштери жасалууда. 

Облус боюнча 120 эстелик Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган. Алгачкы эстелик Манас районунун Покровка айылында 1969-жылы орнотулган. Андан бери дубандын ар бир айылында согуштун катышуучуларына тургузулган эстеликтердин саны өсүүдө.