Жаңылыктар
Президент С.Жапаров Түркиянын мамлекеттик TRT Avaz телеканалына маек берди
Саясат
Президент С.Жапаров Түркиянын мамлекеттик TRT Avaz телеканалына маек берди

Президент Садыр Жапаров ТРТ-Аваздын «Евразия күндеми» программасынын атайын берүүсүндө Жошкун Өзендин суроолоруна жооп берди.

Өлкө башчы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамиле жаңы доордун босогосунда тургандыгын айтты.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси илгертен бери бир туугандык мамиледе болуп келгенин белгилеп,«Биздин миң жылдык орток тарыхыбыз бар. Ошондуктан, Түркия жана башка түрк мамлекеттери менен мамилелерди бир туугандык мамиледе калыптандырууга аракет кылабыз», - деди.

Ошондой эле, Кыргызстан Түрк дүйнөсүндө дагы активдүү болорун айтып, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) жана Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул уюмдардын жигердүү мүчөсү экендигин кошумчалады.

Садыр Жапаров КТРК менен ТРТ биргелешип иштөөнү чечсе, бардык керектүү колдоолорду көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.