Жаңылыктар
"Оймо" фестивалы башталат
Маданият
"Оймо" фестивалы башталат

Эртеңден тарта Кыргызстанда жыл сайын өткөрүү салт болуп калган “Оймо” фестивалы башталат. Борбор Азиядагы уз-чеберлердин, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген эл аралык фестивалдын алгачкы бөлүгү 31-июлда Бишкекте ачылып, 1-августтан баштап Чолпон-Ата шаарында уланат. 

Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн 150дөй уз-чебер өздөрүнүн буюм-тайымдарын көргөзмөгө алып чыгат. Оймо" фестивалы биринчи жолу Кыргызстанда 2006-жылы уюштурулган.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118