Жаңылыктар
Биринчи кезекте аткарыла турган чаралар
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи кезекте аткарыла турган чаралар

Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө президенттин жарлыгы чыкты. Документке президент Садыр Жапаров бүгүн кол койду. Ага ылайык, чек ара жаңжалында жабыркаган айылдарды тез аранын ичинде калыбына келтирип, жарандардын жашоо-турмушу, жеке ишканаларга зарыл шарттарды түзүү боюнча жардам көрсөтүү негизги талап. Бул тапшырма, милдеттерди ишке ашыруу максатында атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү.