Өткөн жыл өлкө үчүн оор жылдардан болду. Ички дүң продукциянын өсүш темпи дээрлик 9 пайызга төмөндөдү. Бюджеттин тартыштыгы 3 эсеге өстү. Экономисттер бул кырдаалдан чыгуу үчүн бизнес менен инвесторлорду колдоо зарылдыгын айтышууда. Себеби инвестиция тартуу менен өндүрүш өнүгүп, казынага акча түшөт. Мындан улам адистер мамлекет башчысы тарабынан кабыл алынган ишкердикти колдоо жана коргоо боюнча жарлыктарды толук ишке ашыруу менен бул кыйынчылыкты жеңебиз деген ойдо.