Жаңылыктар
Кыргызстан биргелешкен кыргыз-корей ишканаларын түзүүгө кызыкдар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан биргелешкен кыргыз-корей ишканаларын түзүүгө кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кореянын Кыргызстандагы Элчиси Ха Тэ Ёк менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Элчиге жемиштүү иши, Кыргызстан менен Кореянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн жогорулатылышына, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, корей компанияларынын филиалдарынын ачылышына Кыргызстан кызыкдар экенин айтты.

Элчи белгилегендей, Кыргызстан Корея үчүн - өзгөчө өнөктөш болуп саналат. Ал корея тараптын Кыргызстан менен мындан ары карай кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен ишканаларды, атап айтканда, логистикалык борборлорду, өндүрүш ишканаларын түзүүгө, ошондой эле туристтик жана банк тармагында уюмдарды түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө эки республиканын мындан аркы кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.