Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги абал жана жарандардын коопсуздугу милициянын толук көзөмөлүндө
Чек ара
Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги абал жана жарандардын коопсуздугу милициянын толук көзөмөлүндө

Бүгүн, 7-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арагачектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча уюштуруучулук иштерге өзгөчө көңүл бурулууда. Чек ара тилкелеринде милиция жана ички аскерлердин аскер кызматчылары, башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол бербөө керектигин түшүндүрүүдө. 

Андан сырткары, милиция кызматкерлери менен ички аскерлердин аскер кызматчылары күнү-түнү кызмат өтөп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Азыркы учурда чек арадагы абал тынч. ИИОнун кызматкерлери жана ички аскерлердин аскер кызматчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартип менен коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууда.