Аламүдүн районунун ИИБү тарабынан 42 жаштагы И.К. аттуу жаран издөөдө жүргөн. Ал 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексининин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча соттолуп, ага карата 2 жылга пробациялык көзөмөл колдонулган. Жогорудагы жаран пробациялык көзөмөлдүн талаптарын бузгандыктан, ага карата издөө жарыяланган. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издө иш-чараларынын негизинде жогорудагы жарандын жүргөн жери аныкталып милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аны текшерүү учурунда кийиминин чөнтөгүнөн жашыл түстөгү баңги затына окшош зат табылып, жалпы салмагы 11 граммды түзгөн. Алынган затка экспертиза дайындалган.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 123-беренеси (Сатуу максатысыз анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү иштери улантылууда.